Биз жөнүндө Устаза Сабактар Деңгээлдер Telegram Пикирлер Байланыш
✦ Айымдар үчүн исламий академия ✦
العلم نور

Azhari
Ummu Nur

«Илим — жүрөктү нурланткан эң улуу байлык»

Египетте билим алып жаткан устазалар менен Фикх, Куран, Тажвид, Адаб жана Ахлак сабактары. Академиялык деңгээлдеги программалар, жеке мамиле жана жылуу коомчулук. ✦ 16 жаштан жогору айымдар үчүн

5+
жыл тажрыйба
3
деңгээл курс
5
фан боюнча
Фикх Куран Тажвид Адаб Ахлак العلم نور Египет устазалары Онлайн сабактар Айымдар академиясы Фикх Куран Тажвид Адаб Ахлак العلم نور Египет устазалары Онлайн сабактар Айымдар академиясы

Азхар университетинин илиминен таамлаган

«Билим издегенге жол ачылат, ал жол жаннатка апарат.»
— Хадис

Azhari Ummu Nur академиясы айымдарга арналган премиум исламий билим берүү платформасы. Биздин максатыбыз — ар бир шакиртке академиялык деңгээлдеги билим берүү, жеке мамиле жасоо жана исламий илимдерди терең өздөштүрүүгө жол ачуу.

Устазаларыбыз Каир шаарындагы Азхар университетинде билим алышкан жана Куран илимдери боюнча жогорку квалификацияга ээ. Сабактар онлайн форматта, жылуу жана коопсуз чөйрөдө өтөт.

Азхар университетинин методикасы боюнча окутуу
Жеке жана топтук сабактар форматы
16 жаштан жогору айымдарга атайын программа
Курс бүтүргөндөн кийин күбөлүк берилет

Устазабыз менен таанышыңыз



Ummu Nur
Исламий Илимдер Устазасы · Азхар Уни.

Устазабыз Каир шаарынын Азхар университетинде Исламий илимдер факультетинде билим алган. Куран, Тажвид, Фикх жана Адаб боюнча тереңдетилген программаларды өздөштүргөн. Окутуу тажрыйбасы 5 жылдан ашат.

Ал айымдарга ылайыктуу, назик жана ачык мамиле менен билим берет. Ар бир шакирттин жеке өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурат, илимди жүрөккө жеткирет.

Азхар университети — Куран жана Илимдер факультети
Тажвид боюнча «Иснад» чынжыры менен иджаза
Фикх — Ханафий мазхабы боюнча тереңдетилген курс
Адаб жана Ахлак — Ибн Мискавайх методикасы

Биздин бес илим

Ар бир курс академиялык программа боюнча иштелип чыгып, шакирттин деңгээлине ылайыкташтырылат.

فقه
01

Фикх

Исламий укук жана ибадат масалалары. Намаз, орозо, тазалык жана турмуш масалалары боюнча деталдуу билим. Ханафий мазхабы боюнча окутулат.

Негизги
قرآن
02

Куран

Куранды туура окуу, жаттоо жана маанисин түшүнүү. Жаттоо программасы жеке деңгээлге ылайыкташтырылат. Устазанын жеке жетекчилиги менен.

Негизги
تجويد
03

Тажвид

Куранды тажвид эрежелери менен окуу. Махраждар, сыфаттар жана окуу эрежелери боюнча тереңдетилген программа. Иджаза алуу мүмкүнчүлүгү.

Тереңдетилген
أدب
04

Адаб

Исламий этика жана мурас адабияты. Классикалык аалымдардын чыгармалары аркылуу мусулмандын жүрүм-туруму, сопулук адептери жана жашоо маданияты.

Маданий
أخلاق
05

Ахлак

Исламий мүнөз жана рухий таалим. Жүрөктү тазалоо, нафсти тарбиялоо жана мусулман аялдын рухий кемелдигине жетүү жолдору.

Рухий
العلم نور

Жаңы сабактар

Академия үзгүлтүксүз өнүгүп жатат. Жаңы программалар жакында жарыяланат.

Жакында

Сиздин жолуңуз

Академияда үч деңгээлдеги программа бар. Ар биринен кийин жогорку деңгээлге өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

المبتدئ

Башталгыч деңгээл

Арабча тамгалар, негизги сүрөлөр жана тажвиддин биринчи кадамдары. Намаздын тартибин жана негизги фикхти үйрөнүү. Катталуу ачык — баштапкы даярдыксыз кабыл алынат.

I
II
المتوسط

Орто деңгээл

Тажвиддин толук эрежелери, Куранды жаттоо, фикхтин аткасы. Адаб жана ахлак боюнча классикалык аалымдардын чыгармалары менен таанышуу. Прогресс тапшырмалар аркылуу баа берилет.

المتقدم

Жогорку деңгээл

Тереңдетилген фикх, Куран тафсири жана иджаза программасы. Жеке менторлук, академиялык иш жазуу жана жамааттык иш-чараларда катышуу. Курс бүтүрүү күбөлүгү менен.

III

Биздин жылуу
коомчулукка кошулуңуз

01

Күнүмдүк эскертмелер

Сабак жадыбалы, үй тапшырмалары жана устазанын жаңы эскертмелери чгк жеткирилет.

02

Айымдар тайпасы

Коопсуз жана жылуу чөйрөдө суроолорду бериңиз, тажрыйба бөлүшүңүз.

03

Илимий мазмун

Устазанын аудио-видео сабактары, макалалар жана мотивациялык мазмун жайгаштырылат.

Azhari Ummu Nur
Расмий Telegram тайпасы
500+ мүчө
Тайпага кошулуу →

Шакирттерибиздин сөздөрү

★★★★★

«Мен мурда башка онлайн курстарда катышкам, бирок Ummu Nur устазанын сабактары таптакыр башкача. Ал ар бир шакиртке жеке мамиле кылат, жана сабактарды жүрөккө жеткирет.»

А
Айгүл М.
Бишкек · Фикх курсу
★★★★★

«Тажвид боюнча иджаза алуу менин эч убакта мүмкүн болчудай сезилчү эмес. Академиянын программасы системалуу жана терең. Устазанын сабырдуу мамилеси ото маанилүү.»

З
Зулайхо К.
Ош · Тажвид курсу
★★★★★

«Ахлак сабагы менин дүйнөкарашымды толугу менен өзгөрттү. Бул жөн гана теория эмес — нафсти тазалоонун практикалык жолдорун үйрөндүм. Сунуш кылам!»

Н
Нилуфар Р.
Алматы · Ахлак курсу
★★★★★

«Академиянын коомчулугу абдан жылуу. Telegram тайпасы мотивацияны сактоого жардам берет. Устазанын жоопторун күтүп отурбайсың — ал дайым жардам берет.»

Ф
Фатима А.
Москва · Куран курсу
★★★★★

«Куранды туура окуйм деп армандачу элем. Академиядан кийин Куранды тажвид менен оку баштадым. Устазанын методикасы ото натыйжалуу жана ылайыктуу.»

М
Малика Т.
Ташкент · Башталгыч деңгээл
★★★★★

«Адаб сабагы аркылуу классикалык исламий адабиятка болгон сүйүүм ойгонду. Ибн Мискавайхтын чыгармаларын тереңдеп окуп, исламий маданиятка жаңы көзкарашта карадым.»

Г
Гүлдана С.
Бишкек · Адаб курсу

Сабакка катталыңыз

Суроолоруңуз болсо же катталгыңыз келсе, формуну толтуруп жибериңиз. Биз 24 саат ичинде жооп беребиз. Алдын ала кеңешме акысыз өтөт.

Email azhariummanur@gmail.com
Telegram @azhari_ummu_nur
Сабак убактысы Дүйшөмбү — Жума, 18:00 – 21:00 (Бишкек убактысы)
Катталуу формасы
Форманы толтуруңуз, биз байланышабыз.
Ката кетти. Кайра аракет кылыңыз.
✦ Рахмат! Биз сиз менен 24 саат ичинде байланышабыз. بارك الله فيك